Бириккен Улуттар Уюму - эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо жана чыңдоо, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн эл аралык уюм. БУУга учурда 190дон ашык мамлекет мүчө. Алардын катарында Кыргызстан да бар. Президент чек арага байланыштуу жагдайды дүйнө коомчулугунун талкуусуна салуу менен бирге беделдүү эл аралык уюмдун бир катар орчундуу маселелерди жөнгө салуудагы ордун белгилеп өттү.