Тажикстан өлкөгө себепсиз кол салды. Алардын мындай куралдуу агрессиялык акциялары Кыргызстанды өтө капа кылып жатканын Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында дүйнө коомчулугуна билдирди.
Бизде тажик тараптын укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар. Кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайт, бирок өзүнүн бир да сантиметр жерин бирөөгө бербей турганын эске салган мамлекет башчысы чек ара маселеси сүйлөшүүлөр менен гана чечилиши керектигин кошумчалады.