Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Япониянын атайын жана ыйгарымуУкуктуу элчиси Маэда Сигекини өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон кызматташтыгынын жана өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Атап айтканда, республиканын аймактарында “Бир айыл – бир продукт” долбоорун ишке ашыруу, IT жана тоо-кен тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.
Элчи Маэда Сигеки кыргыз тарапка жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди жана республиканы өнүктүрүүдө мындан ары колдоо көрсөтүүнү жактай тургандыгын билдирди.
Элчи Японияга экспорттолгон кыргыз балын жеткирүү көлөмү алдыңкы орунду ээлеп, анын популярдуулугу өсүп жатканын белгиледи.
Ал ошондой эле Япониянын IT-компаниялары тарабынан Кыргызстанга инвестиция тартууга көмөктөшүү жана IT бизнести өнүктүрүү максатында Тышкы сооданы өнүктүрүү уюму үстүбүздөгү жылдын 25-октябрынан 3-ноябрына чейин Япониянын Токио, Осака, Фукуока жана Нагоя шаарларында семинарларды уюштура тургандыгын кошумчалады.
Кыргызстандын IT индустриясынын эксперттери менен Япониянын IT бизнесинин өкүлдөрү ортосунда бир катар жолугушуулар жана семинарлар Токио, Осака, Фукуока жана Нагоя шаарларында өткөрүлмөкчү.