Президент Садыр Жапаров Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу агрессия боюнча да пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып кирип, куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга чыккынчылык менен кол салганын баса белгиледи.
Ошол эле учурда ал күжүрмөн аракеттер кыргыз аймагында болгонун белгиледи. Садыр Жапаров тажик тараптан түзүлгөн кырдаал орду толгус жоготууларга алып келгенин эскертти.
Өз кезегинде Тамим бин Хамад Аль Тани акыркы окуялардан улам, зарылчылык болсо Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты.