Диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын тараткан аккаунттун ээси кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Кылмыш-жаза кодексинин Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргызстандын аймагына кирүүдө, Ош шаарынын аэропортунан “Новосибирск-Ош” авиакаттамы менен учуп келген, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын таратуу менен алектенген Кыргызстандын жараны кармалды.
Тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында, аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган.
Азыркы учурда кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.