Жаңылыктар
Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти жолугушту

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. 

Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку каргашалуу окуяларга байланыштуу пикир алмашышты. Садыр Жапаров тажик тарап куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салганын баса белгиледи. Ошол эле учурда ал күжүрмөн аракеттер кыргыз аймагында болгону камтылды.

Садыр Жапаров карапайым калк арасында, аскер кызматкерлеринин жоготууларына, аскердик жана жарандык инфраструктурага олуттуу зыян келтиргенине көңүл бурду. Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго адамдар курман болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады. 

Өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча активдүү кызматташууну улантууну макулдашты.