Жаңылыктар
Кыргызстан ЮНЕСКО менен тыгыз кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан ЮНЕСКО менен тыгыз кызматташат

Президент Садыр Жапаров БУУнун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Башкы директору Одри Азуле менен жолугушту. 

Кыргызстан маданий мурастарды сактоо жана жайылтууда ЮНЕСКО менен кызматташууну улантууга кызыкдар. ЮНЕСКОнун "Дүйнө мурасы" программасынын ишмердүүлүгү кайра жанданды. 

Буга байланыштуу 2021-жылдын 30-ноябрында Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы "Манас" эпосунун кол жазмасын киргизүү сунушу берилген. Муну менен Кыргызстан маданияттар аралык кызматташтыктын өнүгүшүнө салым кошууга умтулууда. 

Одри Азуле Кыргызстан менен кызматташтыкты уюштурууга жана тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Ал Садыр Жапаровду келерки жылы уюмдун Аткаруу Кеңешинин кезектеги сессиясына чакырды.