Кыргызстан Швейцария менен саясий диалогду активдештирүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Швейцариянын Президенти Иньяцио Кассис менен жолугушканда билдирди.
Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана бардык деңгээлдеги туруктуулукту жогорулатууга чоң маани берет. Мөңгүлөрдүн эриши аймактын суу-энергетикалык балансына, Борбордук Азияда коомдук-саясий кырдаалга таасирин тийгизери шексиз экенин белгиледи.
Кассис Жапаровдун демократиялык демилгелерин колдоого даяр. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу көңүл айтты.