Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам эвакуацияланган эл үйүнө толук кайта элек.
Азырынча мектеп, бала бакчалар иштебей турат. Ал эми дүкөн, коомдук тамактануучу жайлар, банктарга 20-сентябрдан тарта иш баштоо эскертилген.
Баткен облусу боюнча 28 банктын үчөө гана иштебей турат. Калаа жетекчилигине кафе-ашкана, дүкөндөр баары ачылсын деп тапшырма берилди.
Мамлекеттик кызматкерлер акырындык менен иштей баштады.