Бүгүн саат 08:00гө карата маалымат боюнча, Баткенге жалпы 775 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 131 тонна ӨКМ тарабынан, 478 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген.
Учурда кампада 165 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 51 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гумжардам чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат.
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусунан 136 миң 770, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5 миң 301 жаран эвакуацияланды.