Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 183 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жабыркагандардын 21и амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Стационарда 162 бейтап жатат.
Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарына которулган.
Баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Чек ара кагылышуусунан 59 кыргызстандык шейит болду.