Жаңылыктар
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына (АКШ) барды.

Мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат, ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.