Жаңылыктар
Баткендеги Исхак Раззаков атындагы аэропорт кадимки тартипте иштеп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендеги Исхак Раззаков атындагы аэропорт кадимки тартипте иштеп жатат

Баткен облусундагы Исхак Раззаков атындагы аэропорт кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Тимур Аскаров билдирди. 

Анын айтымында, Кыргызстандын бардык аэропорттору штаттык режимде иш алып барууда. 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Раззаков атындагы аэропорт жабыркаган эмес. 

Каттамдар жумасына эки жолу шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылууда.