Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандарга гуманитардык жардам чогултуу уланып жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандарга гуманитардык жардам чогултуу уланып жатат

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болуп өткөн окуяларга байланыштуу жабыркаган жергиликтүү тургундарга жана аскер кызматкерлерине гуманитардык жардам чогултуу уланып жатат. 

17-сентябрдан 19-сентябрга 700 тоннага жакын гуманитардык жүк жеткирилди. Анын ичинде негизги керектөөлөр да, башка зарыл каражаттар да бар. 

Ошол эле учурда айрым жарандар өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп, элге көрсөтүлүп жаткан жардамды ашкере жарнамалоого аракет кылып жатат. 

УКМК бардык жарандарды жабырлануучуларга колдоо көрсөтүүдө өзүн пиар кылуудан алыс болууга чакырат.