14-16-сентябрда болгон окуяны кылдаттык менен териштирүүнү камсыз кылуу жана чек ара аймактарындагы куралдуу кагылышууну жөнгө салуу жөнүндө протоколго кол коюлду.
Протоколго Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов кол койгон.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атышууну токтотуу, кырдаалды жөнгө салуу боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырмай болушту.
Согуштук аракеттерди толук токтотуу, аскерлерди жана согуштук техниканы туруктуу жайгаштыруу, чек ара заставаларын жана комендатураларды биргелешип текшерүү макулдашылды.