Бүгүн, 20-сентябрь саат 08:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу.
УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 19-сентябрдан 20-сентябрга караган түн тынч өттү. Ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди бузуу катталган жок.
УКМКнын Чек ара кызматынын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.