Куралдуу кагылыш болгон жерден эвакуацияланган Баткен облусунун тургундары Оштогу бир нече мейманканаларга жана 17 жатаканага жайгаштырылган.
Убактылуу орун которгон 1200 жаран менен жеринде психологдор, дарыгерлер иш алып барууда.
Ош шаары Баткенден убктылуу орун которууга мажбур болгон жарандар үчүн жалпы 2 миңден ашык орун даярдаган. Айрым тургундарды Ош шаарынын жашоочулары өз үйлөрүнө алып кетип, каралашып жатышат.