Тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунан улам 136 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Анын ичинен 4 миңге жакын жаран убактылуу кабыл алуучу жайларга жайгаштырылды. Учурда жарандарды коопсуз жайларга көчүрүү иштери уланып жатат. Кырдаалга байланыштуу тургундарды эвакуациялоо үчүн ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматынын 6 миңге жакын кызматкери иш алып барууда.