Жаңылыктар
Баткендин чек ара аймактарында электр жарыгы толугу менен калыбына келтирилет
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендин чек ара аймактарында электр жарыгы толугу менен калыбына келтирилет

Баткен облусунун чек ара аймактарында электр жарыгы толугу менен калыбына келтирилет. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев тиешелүү жумуштар аяктап калганын билдирди. 

Тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунда бир катар объекттер, анын ичинде электр инфротүзүмү олуттуу зыян тарткан. 

Натыйжада чек арага жакын айылдарда электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учураган.