Жаңылыктар
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам дайыны чыкпай жаткан төрт жаран табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам дайыны чыкпай жаткан төрт жаран табылды

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам дайыны чыкпай жаткан Кыргызстандын 4 жараны табылып, тик учак менен Баткенге алынып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар чек арада жайгашкан айылдардын бири – Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары болушкан, куралдуу кагылышуу учурунда Мойнок тоосу тарапты көздөй качып, бекинип жатышкан. 

"Табылган 4 ак-сайлыктардын арасында улгайган адам болгондуктан, алар тик учак менен Баткенге жеткирилген", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, буга чейин Баткенде куралдуу кагылыштан кийин 4 жарандын дайыны чыкпай жатканы тууралуу кабарланган.