Жаңылыктар
Куралдуу кол салуудан зыян тарткан мектептерде окууну улантуу мүмкүн эмес
Кыргызстан жаңылыктары
Куралдуу кол салуудан зыян тарткан мектептерде окууну улантуу мүмкүн эмес

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам зыян тарткан ондогон мектептерде окууну улантуу мүмкүн эмес. 

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде берген маалыматына ылайык, Лейлек районунда Тажикстан менен чектеш аймактарда жайгашкан 26 мектепте, 30 бала бакчада, Баткен районундагы 8 мектепте жана бир бала бакчада, Баткен шаарындагы бардык мектептерде окуу процесси баштала элек. 

Маалыматта айтылгандай, Баткен районундагы сегиз мектептин жана бир бала бакчанын терезелери, чатырлары талкаланган. Лейлекте канча мектеп зыян тартканы такталып бүтө элек. Министрдин орун басары каргашада жарадар болгондордун арасында мугалимдер да бар экенин билдирди.

Лейлекте 40 мектеп менен 23 бала бакча 19-сентябрда ачылды. Кадамжай районунда, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларында бардык мектептер ушул күнү окууну баштады.

Ош облусунун Чоң-Алай районунан коопсуз жакка убактылуу көчүрүлгөн эл үйлөрүнө кайтып бара электигине байланыштуу, беш мектеп жабык турат. 

Жергиликтүү тургундарды үйлөрүнө кайтаруу боюнча бийликтин чечимине жараша окууну улантуу күнү аныкталат.