Тажик аскерлеринин кол салуусунан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин төрт кызматкери набыт болгон.
Министрлик 707-аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери: улук сержант Дурустун Каныбек уулу, кенже сержант Манас Баатырбеков, улук сержант Ачылбек Ташбеков, катардагы жоокер Айбек Абдилабековдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Алардын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.