Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан жаралган кырдаалдан пайдаланып, жеке кызыкчылыгы үчүн каражат чогулткан шылуундардан этият болууга чакырды.
Мындай билдирүү шаардык милициянын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Анда көчөдө, соода түйүндөрүндү, ишкана-мекемелерди аралап "Баткенге жардам" деген жазуусу бар баштыкча же кутуча көтөрүп жүргөн кишилерге жардам көрсөтпөө керектигин эскертет.
Ош шаарында гуманитардык жардам калаанын борбордук аянтында уюштурулган пунктта кабыл алынууда.
Каржы министрлигинин 18-сентябрдагы кечки саат 18:00гө карата маалыматына ылайык, Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчылар ачкан атайын эсепке 18 миллион 175 миң 38 сом түштү.