19-сентябрь саат 09:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга таянсак, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 163 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, бир суткада Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 19 жабырлануучу кайрылып, алардын 12си амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Жалпысынан 144 адам ооруканада дарылануусун улантууда.
Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарына которулган. Улуттук госпиталда - 71 жаракат алган адам жатат. Улуттук хирургиялык борборунда – 8, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда – 8, Тез жардам ооруканасында - 9, Ош облустук бириккен ооруканасында - 4, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында – 2 жабырлануучу дарыланууда.
Калган жабыр тарткан жарандар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Кыргызстандын 59 жараны каза болуп, 140 миңге жакын адам эвакуацияга мажбур болду.