14-17-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргызстан жарандары курман болгондугуна байланыштуу бүгүн өлкө аза күтүүдө.
Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кечээ кол койгон. Жарлыкка ылайык, өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлүүдө.
Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрү токтотулат.