Бүгүн, саат 08:00гө карата Баткен облусуна жалпы 506 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 116 тонна ӨКМ тарабынан, ал эми 301 тонна жарандар тарабынан, учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат.
Кыргызстандын бардык аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.
Белгиленгендей, республиканын бардык аймактарында гумжардам чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат.