Жаңылыктар
Ысык-Көлдөн Баткен облусуна 200 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдөн Баткен облусуна 200 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Ысык-Көлдөн Баткен облусуна 200 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгөн билдиришти.

Тажикстандын Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуусунан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ысык-Көл облусунун бардык аймактарында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу үчүн 69 пункт ачылган. 

Жергиликтүү тургундар азык-түлүк, керектүү буюмдарды, ошондой эле акча чогултууга активдүү катышууда.