Жаңылыктар
Тажик аскерлери Баткен облусунун Ак-Суу дарыясындагы көпүрөнү жардырган
Кыргызстан жаңылыктары
Тажик аскерлери Баткен облусунун Ак-Суу дарыясындагы көпүрөнү жардырган

Тажик аскерлеринин Баткен облусунун Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардыруусу видеого түшүп калган. Бул тууралуу Кыргызстандын медиа штабынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, көпүрө калк үчүн дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү каражаттарды жеткирүүнү ишке ашырган маанилүү объект болуп саналат. 

Тажик аскерлери Кыргызстандын бул көпүрөсүнөн сырткары Баткен облусундагы бир катар социалдык объектилерди, турак жайларды аткылап, өрттөп талкалашкан.