Акыркы күндөрү Кыргызстанга каршы маалымат согушунда кызыкдар тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилени курчутуп, фактыларды тескери бурмалап, Кыргызстанды терс өңүттө көрсөтүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Социалдык тармактарда Кыргызстан жарандарынын атынан фейк аккаунттар түзүлүүдө. Алардын арасында, "Саатбек Эгамбердиевдин" атынан жазылган аккаунт өзүнө эч кандай тиешеси жок экендигин айтат.
УКМК социалдык тармактардын колдонуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн мындай жалганчылыкка, чагымчылдыкка алдырбоого жана өздөрүнүн жеке маалыматтарын кызыкдар күчтөрдүн Кыргызстандын жана анын жарандарынын кызыкчылыгына каршы пайдалануусуна жол бербөөгө чакырат.