Жаңылыктар
Баткен облусуна 209 тонна гуманитардык жардам жеткирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусуна 209 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Баткен облусуна бүл күнгө карата 209 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Маалыматтык аналитика жана мерчемдөө бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Чамашев билдирди. 

Маалым болгондой, гуманитардык жардамдын 153 тоннасы жерине таркатылууда. 

Учурда бардык облустарда гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 162 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат. 

Ал эми, тажик тараптан куралдуу кол салуу болгон аймактарда жарандарды эвакуациялоо боюнча Баткен облусунан жалпы 136 миң 770 жаран, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан жалпы 5 миң 301 тургун коопсуз аймакка чыгарылды. 

Бардык эвакуациялангандар эң керектүү буюмдар, тамак-аш менен камсыздалган.