Жаңылыктар
Бишкек шаарына тажик чабуулунан жаракат алган 98 адам алынып келинди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарына тажик чабуулунан жаракат алган 98 адам алынып келинди

Бишкек шаарына Тажик чабуулунан жаракат алган 98 адам алынып келинди. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. 

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда алардын абалы орто, дарылоо жүргүзүлүүдө. 

Мындан тышкары, Баткен облусу боюнча 35 жаран гемодиализ алат. Аларга дагы тиешелүү медициналык кызмат көрөтүлүп жатат. Лейлек районунан гемодиализ алгандардын ону атайын борт менен Бишкекке жеткирилди. 

Ошондой эле эвакуация болгондорго дагы тиешелүү психологиялык-медициналык көмөк көрсөтүлүүдө.