Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москвадагы кыргыздардын аймактык уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Элчиликтин маалыматына караганда, элчи Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалдан улам эч кандай чагымдарга алдырбоону жана башка өлкөлөрдүн жарандары менен чатакка барбоону кыргызстандык мигранттарга түшүндүрүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.
Жолугушууга келгендер мигранттардын ичинде да түрдүү маалыматтар тарап жатканын белгилеп, аларга шайкеш мамиле кылуу зарылдыгын айтышты.
Анда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга жардам көрсөтүү маселеси да талкууланды.
Элчилик бардык кыргызстандыктарды ар кандай чагымчыл маанайдагы маалыматтарды таратуудан карманууга чакырды.