Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 37 киши каза болгон.
Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын саны 129 адам. Баткен облусу боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланган.
Кырдаалдын кесепетинен бузулган курулуштар боюнча бүгүнкү күнү келтирилген материалдык чыгымдар тууралуу ЖК комиссиялары иш алып барууда.
Жабыркаган жарандарга 177 тонна, анын ичинен 86,7 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Андан сырткары, кампага чогулган 90 тоннадай гуманитардык жардам сакталууда.