Президенттин Администрациясынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери Баткен облусунун жашоочуларына жардам катары бир күндүк эмгек акысын которушат.
Ошондой эле, бардык министрликтердин эмгек жамааттары Баткен облусундагы чек арадагы окуяга байланыштуу өздөрүнүн бир күндүк эмгек акысын материалдык жардам катары которушууда. Мындан тышкары, башка мамлекеттик органдар да бир күндүк маянасын берип жатышат. Бир күндүк эмгек акысын которууну каалаган мамлекеттик органдардын тизмеси толукталууда.