Бишкекте Республикалык кан борборунда донор болом дегендердин узун кезеги пайда болду. Бул кыргыз-тажик чек арасында жаракат алгандарга жардам иретинде жасалып жаткан жарандык демилге.
Кан тапшырууну каалагандар Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60 дареги боюнча Республикалык кан борборуна барса болоорун эсиңиздерге салабыз. Кабыл алуу 16:00гө чейин жүргүзүлөт.