Бишкектеги эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Баткендеги чек ара чырында жабыркаган 6 бала жана 2 кишини жеткиришти. Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, балдарга ок жана снаряд сыныктары тийген.
Учурда абалдары туруктуу, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Балдардын эң кичинекейи 9 айлык, улуусу 11 жашта.