Бүгүн, саат 9га карата алынган ыкчам маалыматтарга таянсак, чек ара чырынан жабыркагандардын саны 103 киши. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, беш жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Жабыркагандардын денелеринин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан жаракат алышкан. Баткен облустук бириккен ооруканасында - 41, Лейлектеги жалпы дарыгерлер борборунда - 21, Кулунду ооруканасында - 3, Сүлүктүдө – 6, Улуттук госпиталда - 20, Улуттук хирургия борборунда – 1, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда – 6 жабырлануучу жатат.