Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Баш катчысы Кыргызстан жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
ЖККУнун Telegram-каналына жарыяланган маалыматка караганда, 16-сентябрда ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась кыргыз-тажик чек арасында болгон кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар чыр-чатакты тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн компетенттүү органдар аркылуу токтоосуз ок атууну токтотуу жана учурдагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын билдиришти.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал 14-сентябрда башталган. Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон.