Жаңылыктар
Ош шаарына Баткен облусунан 50 жаран эвакуацияланды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарына Баткен облусунан 50 жаран эвакуацияланды

Ош шаарына Баткен облусунан 50 жаран эвакуацияланды. Алар алдын ала даярдалган жатаканаларга жайгаштырлууда. 

Көпчүлүгүн калаанын тургундары үйлөрүнө алып кетип жатышканын Ош шаардык штабы билдирди. 

Жарандарды кабыл алуучу жайлардын дареги төмөндөгүдөй. 

ОшМУнун Курманжан-Датка 285 көчөсүндөгү №1 жатаканасы, Курманжан-Датка 287 дарегиндеги №2 жатакана, Алишер Навои 33/3 дарегиндеги №3, ушул элек көчөнүн 91а, 92а көчөлөрүндөгү 4-5 -жатаканалар, №6 жатакана, №8, №9 – жана №10 жатаканалар. ОшТУ, Ош-Өзбек Университетинин, медколледжинин, соода колледжинин жатаканалары жана Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын жатаканасы.