Жаңылыктар
Бишкек шаары Баткен облусуна 67 тонна гуманитардык жүк жөнөттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаары Баткен облусуна 67 тонна гуманитардык жүк жөнөттү

Бишкек шаары Баткен облусуна 67 тонна гуманитардык жүк жөнөттү. 

Үч фурага жүктөлгөн унаа Баткенди көздөй сапар алды. Болуп жаткан каргашалуу окуяга кайдыгер карабаган жарандар азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык каражаттар, балдарга зарыл болгон буюмдарды топтогон. 

Кожомкул атындагы спорт сарайдында гуманитардык жардамдарды чогулткан бирдиктүү борборлоштурулган пункт иштеп жатат. 

Жардам берүүнү каалаган адамардын саны үзүлбөйт. Дагы жыйналган жүк Баткен облусуна жөнөтүлөт.