Министрлер кабинетининт төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча комиссия ишин улантууда.
Анын түзүмүндө Кыргызстандын күч органдарынын өкүлдөрү бар.
УКМК билдиргендей, жетишилген сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ок атышуу азайды.
Комиссиянын мүчөлөрү абалды турукташтыруу максатында ишти улантууда.