Жаңылыктар
Баткенде мектеп жана бала бакчаларда элдер жайгаштырылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде мектеп жана бала бакчаларда элдер жайгаштырылууда

Баткен районунда 54 мектеп, 48 бакча жабылган. 6 мектеп жана 5 бала бакчага элдер жайгаштырылды. 

Мындан сырткары, 4 мектеп жана 3 бала бакча элдерди кабыл алууга даяр.

Сүлүктү шаарындагы №4 мектепке 64 жаран жайгаштырылды, ысык тамак берилди. Дагы 2 портер менен келе жатышат. Алар дагы жайгаштырылат. 70 запас орун камдалган. Медиктер, тамак-аштар камсыздалган.

Кызыл-Кыя шаарында спорттук залы бар мектептер элди кабыл алууга даяр. 

Ошондой эле лицейлер имараттарына Баткенден эвакуацияланып келип жаткан мекендештерди жатаканага жайгаштырып жатышат.

Лейлекте абал оор. Качкындар жайгаштырылып жатат. Достук орто мектебинин 9-классынын окуучусу качып баратканда осколка тийип каза болгон. Бул жакта байланыш дагы, интернет дагы начар.

Баткен шаарында абал кооптуу. Учурда элди эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. Тынчтык сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташкансыды.

Кадамжайга келгендерди элдер бөлүштүрүп, үйлөрүнө алып кетип жатышат. Кан айылындагы “Родничок” балдар бакчасына, Бирликтеги Шамурзаев мектебине элдер жайгаштырылды. Мугалимдер жана кызматкерлер жардам беришүүдө. Жалпысынан 8 миңге жакын жаран жайгашты. Дагы деле келүүдө. Жергиликтүү тургундар үйлөрүнө, квартираларына алып кетишүүдө. Билим алуу маселесин тиешелүү жерлердеги мектептер менен ишке ашыруу пландалууда.

Үч-Коргон айыл өкмөтү штаб ачып, гуманитардык жардамдар чогултулууда жана жардам сунушталган жактарга жөнөтүлүүдө.

Облус боюнча кесиптик лицейлер да мекендештерди кабыл алып, жатакана, тамак-аш менен камсыз кылууну улантышууда.