Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Баткендеги кырдаалга байланыштуу парламентти кезексиз жыйынга чогултту.
Жабык эшик артында өткөн жыйындан соң Төрага баштаган депутаттар чек арадагы кырдаал боюнча пикирин билдирүүгө парламент имаратына келгендер менен жолугушту.
Кезексиз жыйында Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзүү тууралуу чечим кабыл алынганын маалымдаган Талант Мамытов штабдын алкагында депутаттар тийиштүү жумуштарды алып барарын белгиледи.
Мындан тышкары, Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде бардык керектүү чечимдерди кабыл алууга даяр экенин кошумчалады.
Ошондой эле, Талант Мамытов борбордук штабдын алгачкы жыйынын өткөрүп, Баткен облусунун өкүлдөрү менен бирге кырдаалды талкуулады.
Анда маалым болгондой Жогорку Кеңештин кординациялык штабы кырдаалды жөнгө салуу маселелерин чечүүгө көмөктөшүп, зарыл болгон тийиштүү жардамдарды берет.