Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Баткен облусуна гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн түйүн ачылды.
Аталган пунктка күнүмдүк турмушка керектелүүчү жардамдар кабыл алынат. Спорт сарайында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эки чатыр тигилип, гуманитардык жардамды кабыл алуу башталды.
Жеринде ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Эрнест Жусуповдун жетекчилиги астында кызматкерлер жарандардан келген гуманитардык жардамдарды кабыл алып, топтолгон азык-түлүк, буюмдарды жеткирүү ишин көзөмөлгө алып жатышат.
Кабыл алынган жардамдардын топтомунда кесме, ун, өсүмдүк майы, гигиеналык каражаттар бар.