Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал боюнча маалымат берди.
Айтымында кырдаал курч бойдон калууда. Сүйлөшүүлөргө, макулдашууларга карабай тажик тарап дагы эле ок атууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов ок атышууну токтотууну макулдашкан.
Чек ара аскерлеринин бардык кошуундарына жана башка түзүмдөрүнө мамлекеттик чек аранын бүткүл линиясы боюнча ок атышууну токтотуу буйругу берилген.
Тиешелүү комиссиялар түзүлүп, анын курамына Кыргызстандан президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, ички иштер министринин орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги жана башкалар кирген.