Жаңылыктар
Баткен жана Лейлек райондорунан 120 миң адам эвакуацияланды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен жана Лейлек райондорунан 120 миң адам эвакуацияланды

Баткен жана Лейлек районунан 120 миң адам эвакуацияланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев түз эфирде билдирди. 

Анын айтымында, эки райондун тургундары Сох анклавы аркылуу Кадамжай районуна көчүрүлдү.

“Лейлектин Арка, Достук, Жаңы-Жер айылдарында жана Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Сай айыл өкмөттөрүндө абал чыңалуу бойдон калууда. Турак үйлөрдүн өрттөнүүсү уланууда. Лейлек районунун төмөнкү тарабында кагылышуу дагы эле уланып жатат. Бул жакта бир гана аскер кызматкерлери калган, эл көчүрүлгөн”, - дейт ал.