Тажик тараптын куралдуу кол салуусунун кесепетинен Баткен облусунун 15 жаштагы тургуну Эльзада Маннанова каза болду.
Ага жарылган снаряддын сыныктары тийгенин маркумдун атасы Малик Маннанов билдирди. Бул тууралуу Достук айыландагы мектептин директору Айнура Тургунова тастыктады жана өспүрүм 9-класстын окуучусу экенин айтты.
Маалыматка караганда, кыз айылдаштары менен Маргун айылын көздөй качып баратканда жаракат алган. Маркумдун сөөгү жерге берилди.