Жаңылыктар
Кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда

Азыркы сааттарда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда. 

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, жетишилген макулдашууларды бузуп, тажик тарап Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларына кайрадан ок чыгарды. 

Ошондой эле Баткен районунда Тажикстандын залптык реактивдүү системалары тарабынан аткылоо болду. 

УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну толук токтотуу жана окуяны деэскалациялоо боюнча бардык чараларды көрүүдө.