Жаңылыктар
Баткенде жарандарды убактылуу жайгаштыруу пункттары иштей баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде жарандарды убактылуу жайгаштыруу пункттары иштей баштады

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан улам, Баткенде жарандарды убактылуу жайгаштыруу пункттары иштей баштады. Баткен жана Лейлек райондорунун аймагындагы жергиликтүү тургундар көчүрүлүүдө. 

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов облуста жарандарды эвакуациялоону координациялоодо. Ал үчүн атайын техника жана кичи автобустар тартылганы кабарланды.