Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ок атышууну токтотуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов катышууда. Учурда ок атышууну толук токтотуу жана кырдаалды андан ары жөнгө салуу боюнча иштер жүрүп жатат.